Бүгүн, 3-декабрь саат 9:00гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуштардын 90,06 пайызы кол менен саналып бүтү, маалыматтык серверге киргизилди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабарлаган. Бул жолку Жогорку Кеңешке шайлоого 1 миң 6 талапкерден турган 21 партия катышкан. Добуштардын 90 пайызын кол менен саноонун жыйынтыгында төмөнкү партиялар 5 % босогодон өттү: «Ата-Журт […]Кененирээк
Жапаров ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата кайрылуу жолдоду
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти: «Урматтуу мекендештер! 3-декабрь — дүйнө жүзү менен бирге Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга коомдун толук кандуу мүчөлөрү катары сый-урмат көрсөтүү күнү катары белгиленип келет. Алардын өзгөчө муктаждыктарына жана көйгөйлөрүнө […]Кененирээк
Швейцария Кыргызстандагы кышкы туризмдин өнүктүрүү үчүн 320 миллион сом бөлдү
Швейцария Кыргызстандагы кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү үчүн 320 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги билдирди. Долбоор Каракол шаарында 2-декабрь күнү старт алды. “Швейцария кышкы туризм үчүн 3,5 миллион франк бөлдү (320 миллион сомго жакын). Долбоор Караколдогу лыжа, коньки сыяктуу бир катар кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө багытталган”, — деп айтылат маалыматта. Иш-чарага Кыргызстандын […]Кененирээк
Патрулдук милиция жаңы мыйзам бузуулар жөнүндө кодексте мас абалында унаа айдагандарга жаза күчөтүлгөнүн билдирди. Алкоголдук ичимдиктерди, баңги каражаттарын, психотроптук жана башка мас кылуучу заттарды мас абалында айдоо – 175 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (17500 сом) айып салууга же отуз сааттан 40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартууга жазаланат. Айдоочулардын мас абалын күбөлөндүрүүдөн (экспертизадан) өтүүдөн баш тарткандары да […]Кененирээк
Араван районундагы адам өлтүрүүгө шектелип кармалган адамдардын бөгөт чарасы каралып, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирет. Белгилей кетсек, милиция тарабынан буга чейин дайынсыз болуп изделип жаткан райондун 1969-жылы туулган Ю.К. аттуу тургуну киши колдуу болгондугу аныкталган. Аталган окуяга шектүү делип 34, 28 жана 27 жаштагы Араван районунун тургундары кармалып, тергөө амалдары […]Кененирээк
Германиянын Мюнхен шаарындагы темир жол вокзалынын жанында Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги бомба жарылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, жарылуу Борбордук темир жол вокзалына жакын жайгашкан Donnersbergerbrücke станциясынын жанында курулуш иштери жүрүп жаткан маалда болгон. Жарылуунун натыйжасында төрт адам жабыркап, поезддердин кыймылы убактылуу токтотулду. Мюнхен өрт өчүрүү кызматы адамдардын бири оор жаракат алды. Экинчи […]Кененирээк
2-декабрь, саат 14:00гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча кол менен саналган бюллетендердин 64,31% Боршайкомдун Маалыматтык шайлоо системасына киргизилди. Ага ылайык, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы 15,89%, “Ишеним” 13,42%, “Ынтымак” партиясы 12,41%, “Альянс” 7,50%, “Ыйман Нуру” 6,75% жана “Бүтүн Кыргызстан” 6,42% добуш алып беш пайыздык босогодон өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламенттик шайлоодогу бюллетендерди […]Кененирээк
Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыгы бир топ кыскартылды. Садыр Жапаров жарлыкка
Садыр Жапаров “Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Документтин максаты – республикалык бюджеттен чыгашаларды тартипке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу. Жогорку Кеңештин депутаттарын кармоого кеткен чыгымдарды кыскартуу боюнча зарыл […]Кененирээк
Калктын аялуу катмарына колдоо көрсөтүү үчүн мөмө-жемиш көчөттөрү бериле баштады
Калктын аялуу катмарына колдоо көрсөтүү үчүн 270 миң долларга жакын каражат бөлүндү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, COVID-19 пандемиясынын шартында калктын аялуу катмарын колдоо боюнча программанын алкагында мөмө-жемиш көчөттөрүн жеткирүү боюнча иш-чаралар башталды. “Алма жана өрүк көчөттөрүнүн биринчи партиясы Кара-Кулжа жана Ноокен райондоруна, Балыкчы шаарына жеткирилди. Бул иш-чара КР […]Кененирээк
Ош шаарында үч муниципалдык ишкана жетекчиси тартиптик жазага жыгылды. Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле жасабагандыктары үчүн жана документтер менен иштөөнү уюштуруу, көзөмөлгө алуу жана аткаруу маселелерине кош көңүл карагандыктары үчүн ушундай чара колдонулду. Маалыматта айтылгандай, Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын башчысы Э.Аралиевге “Эскертүү”, Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы […]Кененирээк