Сокулукта аялын ур-токмокко алууга шектелип күйөөсү кармалды
Сокулук районунда аялын ур-токмокко алууга шектелип күйөөсү кармалды. Ал Россияга кетүүгө камынып жаткан жеринен колго түшкөндүгүн Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдирди Маалыматка ылайык, милицияга 1994-жылы туулган Б.Ф аттуу келин күйөөсү аны ургандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Аталган факты бирдиктүү реестирге катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Козголгон кылмыш ишинин негизинде 1989-жылы туулган А.Н. аттуу жаран кармалып, […]Кененирээк
Сот: Бейшеналиев иштен алгандар кайра кызматка коюлат
Бишкектеги Биринчи май райондук соту Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри болуп турганда иштен алган кызматкерлердин арызын канааттандырды. Ага ылайык, аталган министрликте бөлүм башчы болуп иштеген Айнура Акматованы, Гүльмира Ибраеваны жана Азамат Жумакеевди кайра кызматына коюу, иштен алынган учурдан берки айлыктарын төлөп берүү тууралуу чечими чыкты. Бейшеналиев буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Ушул жылдын май […]Кененирээк
Президент Элдик курултай жөнүндө кайрылуу жасады
Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу ноябрь айында өтүүчү Элдик курултай жөнүндө кайрылуу жасады. Анда президент Курултайга делегаттарды жергиликтүү эл өздөрү шайлап жөнөтүшөөрүн айткан. “Урматтуу кыргызстандыктар! Кечээ күнү Элдик курултай жөнүндө жарлыкка кол койдум. Ага ылайык, ушул жылдын 25-ноябрь күнү биринчи Элдик курултай өтөт. Элдик курултай жөнүндө мыйзам ушул жылдын башында жазылып бүтүп, эки ай […]Кененирээк
Оштогу Аскер бөлүктө бир жоокер каза болду
Ош шаарында дагы бир аскер каза болду. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-август күнү ИИМдин Ош шаарындагы №703 аскер бөлүгүндө дагы бир аскердин өлүмү катталды. “Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлү аталган аскер бөлүгүнө барды. Аскер бөлүгүнүн командири жана орун басарларынын айтымында, эртең мененки саат 05.00 чамасында текшерип-өткөрмө пунктунда турган аскер […]Кененирээк
Бейшеналиевдин кызматка кайтуу маселеси кийинки жумада чечилет
Кызматынан четтетилген министр Алымкадыр Бейшеналиевдин маселеси боюнча чечим кийинки жумада кабыл алынышы ыктымал. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Белгилей кетсек, 16-августта, кызматынан четтетилген министрдин жактоочусу ИИМ министрге карата козголгон кылмыш ишин кыскартканын билдирип, ал кайрадан cаламаттык сактоо министри болууга толук укуктуу экенин белгилеген. Көп өтпөй Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан министр катары жумушка чыгууга даяр экенин […]Кененирээк