Быйыл Россиядан рекорддук сандагы мигранттар чыгып кетти

 Быйыл Россиядан рекорддук сандагы мигранттар чыгып кетти

2022-жылдын сегиз айында Россиядан рекорддук сандагы мигранттар чыгып кеткени катталды.

Расмий маалыматтарга ылайык, январдан августка чейин Россияга 444 миң мигрант барса, 506 миң мигрант чыгып кеткен. Натыйжада чыгып кеткендердин саны киргендерге караганда 62,5 миңге көп болгон.

Адистер мындай көрсөткүч мурдагы жылдары, ал тургай коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда да катталбаганын билдиришет. 2020-жылы тескерисинче өлкөгө киргендердин саны чыгып кеткендерге караганда 68,8 миңге көп болгон. 2021-жылы келген мигранттар чыгып кеткендерге салыштырмалуу 212,3 миңге көп катталган.

Мигранттардын чыгып кетүүсүндө быйыл үч өлкө биринчи орунду ээлеген. Жыл башынан бери армениялык 15,7 миң, кыргызстандык 14 миң, өзбекстандык 13,7 миң адам Орусиядан чыгып кеткен. Украиналык 8,5 миң мигрант мекенине кайткан.

Украинада кеңири масштабдагы согуш баштаган соң Россиянын өзүндө экономикалык кырдаал оорлогон жана жумуш орундары кыскара баштаган. Буга Батыш өлкөлөрү салган санкциялар да себеп болгон.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар