Быйыл Ош шаарында 8502 бүтүрүүчү мектепти аяктады

Бүгүн, Ош шаарындагы бардык мектептерде акыркы коңгуроо кагылды.
Экинчи борбор калаадагы мектептерди вице-мэрлер, шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын бөлүм башчылары, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери кыдырышты.
Салтанаттын жүрүшүндө билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн активдүү мугалимдерге шаардык мэриянын, шаардык билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары тапшырылды. Мектептин коомдук иштерине жигердүү салым кошкон окуучулар, окууда өзгөчөлөнгөн окуучулар да Ардак грамоталар менен сыйланышты.
Быйыл Ош шаарындагы мектептерди 8502 бүтүрүүчү аяктаса, анын 2388и 11-классты, 6114ү 9-классты бүтүргөндөр. Калаада бүгүнкү күндө жалпы 85 мектеп бар, анын 53ү мамлекеттик, 2си адистештирилген жана 30у жеке менчик.