Быйыл Ош шаарына миң түп бактын көчөтү, 1,5 млн даана мезгилдик гүлдөр отургузулат

 Быйыл Ош шаарына миң түп бактын көчөтү, 1,5 млн даана мезгилдик гүлдөр отургузулат

Ош шаарында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери башталды. 2022-жылдын алгачкы көчөттү Бекмамат Осмонов көчөсүнө  95 даана арчанын түрү отургузулду.

Кааланын экологиясын калыбына келтирүү жана  кыйылган дарактардын ордуна кайрадан эгүүгө  болгон аракет күчөтүлөөрүн мэрия кабарлады. Жаз айлары келери менен  шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча иштер өз убагында этап боюнча башталат.

Быйылкы жылы шаардын жашыл экологиясы үчүн 1000 түп бактын көчөтүн эгүү мерчемделген. Жаңы көчөттөрдүн 500 даанасы ийне  жана жазы жалбырактуу дарактар.

Ошондой эле, мезгилдик гүлдөрдөн 1,5 миллион даана гүл апрель айынын тарта отургузула башайт. Мындан тышкары 20 миң  түп бадал сейил бактарга эгилет.

Жанылыктар