Быйыл Кыргызстанга келген орус жарандарынын саны 30 пайызга көбөйдү

 Быйыл Кыргызстанга келген орус жарандарынын саны 30 пайызга көбөйдү

Быйыл Россиядагы мобилизацияга байланыштуу Кыргызстанга келген орус жарандарынын саны салыштырмалуу 30 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору Нурсултан Сардарбеков билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын 9 айында Кыргызстанга 192 миң РФ жараны келген.

“2021-жылдын 9 айында 160 миң жаран келген. Ал эми өткөн жылдын 9 айында Россия жарандары тарабынан Кыргызстандын жарандыгын алууга 385 тапшырык берилип, 226и алса, быйылкы жылдын 9 айында 1631 жаран жарандык алууга тапшырык берип, анын ичинен 603ү алды”, – деди Нурсултан Сардарбеков.

Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан бери орус жарандары өлкөсүнөн качып, жер которуп жатышат.

Жанылыктар