Быйыл көк бөрү боюнча республикалык турнир Ошто өтөт

 Быйыл көк бөрү боюнча республикалык турнир Ошто өтөт

Быйыл Ноорузда көк бөрү боюнча республикалык турнир Ошто өтөт. Бул тууралуу спорт департаментинин башчысы Канат Шабданбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Баткенге жана Нарынга ат майданын түптөп, эки жакта тең оюн өткөрдүк. Быйыл Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча турнирди Ош шаарында өткөрөлү деп жатабыз. Бул белгиленди”, – деди Шабданбаев.

 

Исхак Туратбек уулу

https://oshtv.kg/

Жанылыктар