Быйыл 800 мектеп ысык тамак менен камсыз болот

Россиянын каржылоосу менен Кыргызстанда 2022-жылы жалпы 800 мектеп ысык тамак менен камсыз болот. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк программасынын “Мектептерде ысык тамак уюштуруу” долбоорунун адиси Жыпар Эргешбаева билдирди.
Анын билдиришинче, Россия Кыргызстандагы мектептердеги окуучуларды тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн акыркы жылдары 20 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.
“БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстанда окуучуларды ысык тамак менен камсыздоо долбоорунун башкы донору Россия Федерациясы болуп эсептелинет. Өлкөгө ал жактан 2017-жылдан бери 20 миллион доллардан ашык каражат бөлүнгөн. Мындан сырткары, тамак-аш боюнча жардам көрсөткөн мектептерге техникалык жана маалыматтык жактан колдоо көрсөтүп турабыз”, — деди “Мектептерде ысык тамак уюштуруу” программасынын адиси Эргешбаева.
Ал долбоор узак мөөнөттүү экенин жана жыл этегине чейин 800 мектепти камтуу пландалып жатканын кошумчалады.
“Жыл соңуна чейин ысык тамак менен дагы 50 мектепти камсыз кылууну максат кылып жатабыз, жалпы ошондо 800 мектепте берилген болот. Ушуну менен токтоп калбай, кийинки жылдары да уланта беребиз”, — деди Эргешбаева.
Ал БУУнун Азык-түлүк программасынын окуучуларга ысык тамак берүү боюнча алдыңкы беш жылда аткарылчу көптөгөн иштери бар экенин, соңунда улуттук программаны кыргыз өкмөтүнө берүү пландалып жатканын кошумчалады.