БУУ Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылды “Тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялады

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды “Тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Тийиштүү резолюция 16-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-пленардык сессиясында кабыл алынган. Маалыматка караганда, резолюциянын долбоорун караар алдында кыргыз тарапка сөз берилген.
“Кыргызстандын дипмиссиясы Нью-Йорктогу жогорку трибунадан 2022-жылды тоо жылы деп жарыялоо демилгесин 2021-жылдын сентябрь айында өткөн БУУнун башкы ассамблеясынын 76-сессиясында өлкө президенти Садыр Жапаров көтөргөнүн белгилешти. Демилге 2002-жылы Бишкекте өткөн биринчи тоо саммитинин 20 жылдыгына карата сунушталган”, — деп айтылат маалыматта.
Аталган резолюцияда уюмга мүчө өлкөлөргө, БУУ системасындагы уюмдарга, башка эл аралык уюмдар менен кызыкдар тараптарга, жарандык коомчулукка, жеке сектор менен илимий-билим берүү тармактарына Тоолордун эл аралык жылын татыктуу деңгээлде өткөрүү сунушталат.
Ал эми, иш-чаранын негизги максаты — тоолорду өнүктүрүүнүн маанилүү экенин коомчулукка жеткирүү жана тоо экосистемасын сактоо.