БУУ:   Украинадагы кырдаалдан улам ачаарчылык күчөйт  

 БУУ:   Украинадагы кырдаалдан улам ачаарчылык күчөйт  

Украинадагы кырдаалдан улам дүйнө жүзү боюнча ачарчылыктан жапа чеккендер көбөйөт. Мындай кооптонуу Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун конференциясында айтылганын чет элдик маалымат булактары жазууда.  Анда белгиленгендей, акыркы бир нече жылда кырдаал курчуп кетти. Пандемия учурунда дагы 160 миллион   адам ачаарчылыкка кабылган.  Жалпысынан дүйнөдө 820 миллиондон ашык адам тамак-аш тартыштыгынан жапа чегип келет. Украина менен Орусиянын ортосундагы жаңжал да продукциянын жеткиликтүүлүгүнө таасирин тийгизүүдө.

“ Жаңы чакырыктар келе жатат. Украина жана Россия эгинди, жер семирткичтерди өндүрүү үчүн сырьену өндүрүү боюнча дүйнөдөгү ири өлкөлөрдүн бири. Чыңалган чөйрө продукциянын баасына гана эмес, алардын жеткиликтүүлүгүнө да таасирин тийгизет. Биз дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк коопсуздугуна чоң таасирин тийгизгенин көрө алабыз. Биз буга алдын ала даярданышыбыз керек”,- деди  БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу боюнча комитеттин төрагасы Габриэль Ферреро де Лома Осорио.

Жанылыктар