БУУ: “Аль-Каиданын” жаңы лидери Саиф аль-Адель болду

БУУнун жаңы баяндамасына ылайык, Египеттин атайын багыттагы аскерлеринин мурдагы офицери Саиф аль Адель “Аль-Каиданын” “талашсыз” лидери болуп калды. Уюмдун буга чейинки жетекчиси Айман аз-Завахирини былтыр 31-июлда Кабулда АКШнын ракетасы атып өлтүргөн.
Reuters агенттиги кабарлагандай, АКШнын атайын кызмат өкүлдөрү 2023-жылы январда “Аль-Каиданы” ким жетектеп калганы так белгисиз болуп жатканы жөнүндө сүйлөшкөн. Бирок БУУнун дүйнөдөгү терроризм тобокелдиктери тууралуу баяндамасында белгиленгендей, уюмга мүчө өлкөлөрдүн көбү өткөн жылдын декабрында эле Аделди “Аль-Каида” операцияларынын жетекчиси жана талашсыз лидери катары тааныган.
1998-жылы ноябрда АКШдагы федералдык жюри Аделди Кошмо Штаттардын Танзания менен Кениядагы элчиликтерине кол салууга айыптаган. Ал теракттарда 220дан ашык жарандык адам өлүп, 5 миңге жакын киши жаракат алган.
АКШ тергөөчүлөрүнүн айтымында, Аделдин мындан тышкары америкалык журналист Дэниель Перланын 2002-жылы Пакистанда өлтүрүлүшүнө да тиешеси бар.
АКШнын Мамлекеттик департаменти Африкадагы жардыруулардан кийин Адель Иранга барып, өлкөнүн түштүк-чыгышында жашырынып жүргөнүн кабарлаган. Вашингтон анын жайгашкан жери тууралуу кабар бергендерге 10 миллион доллар өлчөмүндө сыйакы убадалаган.
Шаршемби күнү Ирандын БУУдагы миссиясы Адель Иранда экенин төгүндөдү. “Аль-Каиданын” жаңы дайындалган лидери делген адамдын дареги туура эмес. Бул жалган маалымат терроризмге каршы күрөшкө тоскоолдук кылышы мүмкүн”, – деп жазылган миссиянын Twitter баракчасындагы билдирүүсүндө.
ФБРдин мурдагы атайын агенти Али Суфан “Терроризмге каршы күрөшүү борборунун” (Combating Terrorism Center) сайтындагы билдирүүсүндө Саиф аль Адель “Адилеттүүлүк кылычы” деп которуларын, анын чыныгы ысымы Мохаммед Салахуддин Зейдан экенин жазган.
Усама бин Ладендин жихад кыймылы боюнча мурдагы тарапташтары Адель өз карьерасын 1981-жылы баштагынын айтып келишет. Анда ал Египеттин президенти Анвар аль Садатты өлтүрүүгө шектелген. Каирдеги аскердик парад маалында куралчан адамдар президентке ок атып, бул телеканалдарда түз эфирде көрсөтүлгөн.