Бурсада түрк дүйнөсүнүн фильм фестивалы өтүп жатат

 Бурсада түрк дүйнөсүнүн фильм фестивалы өтүп жатат

Түркиянын Бурса шаарында түрк дүйнөсүнүн фильм фестивалы старт алды. Фестивалга Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Азербайджан мамлекеттеринин маданият министрлери,  түрк тилдүү мамлекеттерден барган кинемотаграфия тармагындагы белгилүү инсандар да катышууда.

Фестивалда жалпысынан 50 фильм көрсөтүлүп жатат. Бул иш-чара Түркиянын маданият жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган.

Белгилесек, аталган фестиваль өлкөлөр арасында кезек-кезеги менен өткөрүлөт.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар