Бухарада газ жарылып, сегиз жаштагы бала каза болду

 Бухарада газ жарылып, сегиз жаштагы бала каза болду

Өзбекстандын Бухара облусундагы үйлөрдүн биринде газ жарылып, сегиз жаштагы бала каза болду.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлагандай, Коракул районундагы айылдардын биринде жашаган тургундун үйүндө болгон.

Жыйынтыгында 2-класста окуган бала жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Жарылуу фактысы боюнча райондук прокуратура тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштады.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар