БШКга мыйзам бузуу боюнча 106 кайрылуу келип түштү

 БШКга мыйзам бузуу боюнча 106 кайрылуу келип түштү

БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна жалпы 106 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу аталган топтун жетекчиси Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда 466 кайрылуу келип түшкөн.

“Башкача айтканда, быйыл кайрылуулардын саны 4,5 эс аз. 106 кайрылуунун ичинен 54ү добуш сатып алуу, сегизи үгүт иштеринин бузулушу, 37си административдик ресурсту пайдалануу, үчөө шайлоо фондунан сыркары каражат колдонуу, төртөө башка бузуулар. Аймактарга бөлүп айтканда, Бишкектен 10, Баткенден 7, Жалал-Абаддан 13, Ысык-Көлдөн 5, Нарындан 11, Оштон 22, Таластан 7, Чүй облусунан 31 кайрылуу түшкөн”, — деди Шайназаров.

Шайназаров 7 кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлүп, 15 кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатканын белгиледи.

Төрт адамга айып угузулуп, БШК тарабынан 20 талапкерге кат жүзүндө эскертүү берилди.  Мындан сырткары, 35 жаранга айып салынды.

Жанылыктар