БШК шайлоого келгендер аз болуп жатканынын себебин түшүндүрдү

 БШК шайлоого келгендер аз болуп жатканынын себебин түшүндүрдү

Боршайком мыйзамдан №2 форма менен добуш берүүнү алып салуу шайлоого катышкандардын саны азайышынын негизги себеби болгонун түшүндүрдү. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров маалымат жыйында билдирди.

Саат 18:00гө карата добуш бергендердин саны жалпы шайлоочулардын 28,36 пайызын түздү. Салыштыруу үчүн алсак, ушул эле убакытта 10-январда өткөн президенттик шайлоодо 33,13 пайызы өз тандоосун жасаган. Ал эми былтыр жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодо 45,26 пайызга жеткен болчу.

“Мурунку шайлоодо №2 форма ыкмасы менен 500 миңдей жаран добуш берген. Муну менен аталган шайлоочулар массалык түрдө ташылып келгенин айтсак болот. Учурда мындай ыкмага чек коюлган. Ошондуктан бир себеби №2 форма деп айтат элем. Ошондой эле бул көрсөткүч элди шайлоо участкасына массалык түрдө ташууга, админресурс колдонууга жол берилбегенин билдирет. Балким, эл кайра-кайра өткөн шайлоодон тажашы мүмкүн. Бирок мен жарандарыбыздын кыймыл-аракети жана каалоосуна комментарий берүүдөн алысмын”, — деди Шайназаров.

Жанылыктар