БШК Шайлообек Атазовго депутаттык мандат тапшырды

Бүгүн, 6-апрелде борбордук шайлоо комиссиясы Шайлообек Атазовго депутаттык күбөлүктү жана төш белгини тапшырды. Бул тууралу БШКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Буга чейин Жогорку Сот депутаттыкка талапкер Абдурахман Муртазалиевди каттоону жокко чыгарган БШКнын чечимин күчүндө калтырган.
Быйыл 27-февралда №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өткөн.