ОшТВ телерадиокомпаниясы

БШК бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин 33 депутатын каттады (Тизме)

 БШК бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин 33 депутатын каттады (Тизме)

БШК бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин 33 депутатын каттады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.

Белгиленгендей, комиссия Свердлов жана Биринчи Май шайлоо округдарындагы депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан, анткени аларда талапкер “бардыгына каршы” жеңишке жеткен. Бул райондордо кайра шайлоолор өткөрүлөт.

Кошумчалай кетсек, Чүй-Кемин району боюнча жыйынтык чыга элек. Жогорку сот аталган округ боюнча көпчүлүк добушка ээ болгон депутаттыкка талапкер Медербек Саккараевдин өкүлдөрүнүн Бишкек административдик сотунун чечимине карата кассациялык даттанууну кароого кабыл алды. Эске салсак, буга чейин БШК анын башка жарандыгы бар экенине байланыштуу каттоосун жокко чыгарган.

Бишкек шаары

№ 26 Ленин шайлоо округу — Жаныбек Абиров;

№ 28 Октябрь шайлоо округу — Дастан Бекешев;

Баткен облусу

№ 1 Лейлек шайлоо округу — Чыңгыз Ажибаев;

№ 2 Баткен шайлоо округу — Нурлан Ражабалиев;

№ 3 Кадамжай шайлоо округу — Ырысбек Атажанов;

Ош шаары, Ош облусу

№4 Көк-Жар шайлоо округу — Өмүрбек Бакиров;

№5 Ноокат шайлоо округу — Жусупбек Коргонбай уулу;

№6 Араван шайлоо округу — Жалолидин Нурбаев;

№7 Ош шайлоо округу — Айбек Осмонов;

№8 Төлөйкөн шайлоо округу — Нурбек Алимбеков;

№9 Кара-Суу шайлоо округу — Искендер Матраимов;

№10 Куршаб шайлоо округу — Данияр Төлөнов;

№11 Алай шайлоо округу — Улан Примов;

№12 Өзгөн шайлоо округу — Элмурза Сатыбалдиев;

Жалал-Абад облусу

№ 13 Сузак шайлоо округу — Тазабек Икрамов;

№ 14 Жалал-Абад шайлоо округу — Шаирбек Ташиев;

№ 15 Базар-Коргон шайлоо округу — Айбек Алтынбеков;

№ 16 Ноокен шайлоо округу — Бактыбек Сыдыков;

№ 17 Аксы шайлоо округу — Нурлан Шакиев;

№ 18 Ала-Бука шайлоо округу — Азизбек Турсунбаев;

№ 19 Токтогул шайлоо округу — Кундузбек Сулайманов.

Талас облусу

№ 20 Манас шайлоо округу — Дастанбек Жумабеков;

№ 21 Талас шайлоо округу — Бактыбек Чойбеков.

Чүй облусу

№22 Жайыл шайлоо округу — Нурланбек Азыгалиев;

№23 Москва шайлоо округу — Карим Ханджеза;

№24 Сокулук шайлоо округу — Аманкан Кенжебаев;

№25 Аламүдүн шайлоо округу — Сеидбек Атамбаев;

№30 Ысык-Ата шайлоо округу — Акбөкөн Таштанбеков.

Нарын облусу

№ 32 Кочкор шайлоо округу — Мирлан Самыйкожо;

№ 33 Нарын шайлоо округу — Улан Бакасов.

Ысык-Көл облусу

№34 Жети-Өгүз шайлоо округу — Арсланбек Малиев;

№35 Ак-Суу шайлоо округу — Акылбек Түмөнбаев;

№ 36 Ысык-Көл шайлоо округу — Максатбек Сарыбагышев.

Жанылыктар