БШК бүгүн бир мандаттуу Свердлов шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат  

 БШК бүгүн бир мандаттуу Свердлов шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат  

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн Бишкектеги бир мандаттуу Свердлов шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат. Бул тууралуу  Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Сот анын алдында борбор калаанын административдик сотунун буга чейин чыгарган чечимин жана Свердлов району боюнча шайлоочулардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиевди каттоону жокко чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырган.

«Мындан тышкары, укук коргоо органдарынан арыздар боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Бүгүн менин оюмча, бардык документтер колубузда болгондон кийин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарсак болот», – деп түшүндүрдү Абдыжапар Бекматов.

Борбордук шайлоо комиссиясы  Абдурахманхаджи Муртазалиевге берилген добуштардын саны жалпы  добуш берүүчүлөрдүн үчтөн биринен  ашса, бир айдын ичинде кайра  добуш берүү дайындалат, эгер андай болбосо,  Шайлообек Атазов мандат алат деп түшүндүрдү. Ал добуштардын саны боюнча Муртазалиевден кийин экинчи орунда турат.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын ноябрында  парламенттик шайлоодо  шайлоочулардын көпчүлүгү “бардыгына каршы” добуш беришкендиктен  27-февралда борбор калаада эки бир мандаттуу округда кайра шайлоо өттү.  Бир мандаттуу Биринчи Май округу боюнча Элвира Сурабалдиева көпчүлүк добушка ээ болгон.

Жанылыктар