ОшТВ телерадиокомпаниясы

БШК:   Акбөкөн Таштанбеков депутат болду

 БШК:   Акбөкөн Таштанбеков депутат болду

БШК No30 Ысык-Ата бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык,  Акбөкөн Таштанбеков Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаты болуп шайланды. Ал жалпы элдик добуштардын 16,06 пайызын алган.

Эске салсак, депутаттыкка талапкерге кылмыш иши козголгон. Социалдык тармактарда талапкер  башка улуттагы адамды коркутуп жаткан видео тараган. Фейсбуктун колдонуучулары аны улуттар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн жазалоону талап кылышкан.

Ал арада БШК Акбөкөн Таштанбековду жоопкерчиликке тартууга макул болуп, ага КР Кылмыш-жаза кодексинин “Улуттар аралык же аймактар ​​аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча айып тагылган.  Андан сон, Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. .

Белгилей кетсек, кеңири тараган видео бир нече жыл мурун тартылганын, Таштанбековдун тарапташтары ал азыр райондо шайлоонун жеңүүчүсүнө каршы үгүт жүргүзүү үчүн социалдык тармактарга атайын жарыяланганын айтышууда.

Акбөкөн Таштанбеков 1981-1983-жылдары Ооганстандагы согуштук аракеттерге катышкан. 1999-жылдан Афганистандагы согуштун ардагерлери партиясынын саясий кеңешинин туруктуу жетекчиси жана башка жергиликтүү аскердик кагылыштардын катышуучулары. Ал буга чейин Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышында депутат болгон.

Жанылыктар