Бразилиялык Ришарлисон Сербия менен болгон беттештин мыкты оюнчусу деп табылды

 Бразилиялык Ришарлисон Сербия менен болгон беттештин мыкты оюнчусу деп табылды

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Бразилиялык чабуулчу Ришарлисонду Сербия менен болгон беттештин мыкты оюнчусу деп тапты.

Футболчу беттеште биринчи ийгиликтүү соккусун 62-мүнөттө жаратып, кийинчерээк 73-мүнөттө экинчи голду өзү киргизди.

Жыйынтыгында Бразилия Сербияны 2:0 эсебинде утуп, G тайпасында биринчи орунга чыкты.

Белгиленгендей, 25 жаштагы спортчу жакында эле алган жаракатынан кооптонгонуна карабай талаага чыккан.

28-ноябрда 2-турда Бразилия курама командасы тайпалык рейтингде да лидер болгон Швейцариянын командасы менен беттешет.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар