Борбор Азиянын лидерлери Чолпон-Атага чогулат

20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттер башчыларынын Төртүнчу кеңешмеси өтөт. Бул президент Садыр Жапаров үчүн мынчалык сандагы чет элдик лидерлерди кабыл алган биринчи жолугушуу. Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай Ысык-Көл жээгине бул ирет төрт президент Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёевдин келээри күтүлүүдө.Бул жыйын чөлкөмдөгү үч өлкөдө адам өмүрлөрү кыйылган кандуу окуялардан кийинки, Түркмөнстандагы бийлик транзитинин жана Орусиянын Украинага кол салуусунун алкагындагы алгачкы кеңешме.
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланган «XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан жана Өзбекстан Республикасынын ортосунда достукту, ынак коңшулукту жана кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимдин» долбоору жарыяланды.
Документте айтылгандай келишимдин максаты — ынак коңшулуктун жана достуктун негизиндеги өз ара кызматташууну чыңдоо, аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө, өз ара кызыкчылыктары маселелерди комплекстүү чечүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү болуп эсептелет.