Болотбек Купешов билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов ээлеген кызматынан бошотулганын президенттин басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда кол койду.
Болотбек Купешев былтыр 5-майда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.
62 жаштагы Купешев министрлик кызматка келгенге чейин Бишкек шаарындагы №69 мектеп-гимназиясынын директору, Герман Гмайнер окуу-тарбия комплексинин директору, Бишкек шаарындагы Октябрь районунун акими, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун акими, Соода-өнөр жай палатасынын түндүк аймактар менен иштешүү департаментинин жетекчиси кызматтарын аркалаган.