Болгарияда автобуста күйүп кеткен 45 адамдын 12си жаш балдар болгон

Шейшембиге караган түнү, Болгарияда автобус жол кырсыгына кабылган. Анда болжол менен 45 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн ИИМине шилтеме берип жазды.
Каргашалуу окуя «Стурма» автомагистралында болгон. Автобуста бараткандардын көбү түндүк македониялык туристтер болгон.Учурда транспорттун техникалык абалы жана айдоочу кандай ката кетиргени такталып жатат.
Улуттук тергөө кызматынын жетекчиси Борислав Сарафовдун айтымында, жүргүнчүлөрдүн денеси таанылгыс болуп күйгөн. Маркумдардын ар биринин ким экенин аныктоо үчүн үлгү алууга туура келет.
Алдын ала маалымат боюнча, автобуста 52 адам болгон. Алардын 45и (12си балдар) каза тапты. Буга чейин 46 адам набыт болгону кабарланган. Сарафовдун айтымында, жети киши ооруканага жеткирилди.
Ал эми ЖМКлардын маалыматы боюнча, Македониянын номери тагылган автобус Түркиядан Түндүк Македонияга бара жаткан.