Блогер Батмакан Жолболдуева камакта калтырылды

 Блогер Батмакан Жолболдуева камакта калтырылды

Бүгүн, 13-май күнү саат 16:00дө Ош облустук соту блогер Батмакан Жолболдуеванын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды карап чыкты.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, облустук сот Батмакан Жолболдуеванын жактоочусунун апелляциялык арызын канаттандыруусуз калтырып, Ош шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Буга чейин Жолболдуеванын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралып, Ош шаардык соту блогерди тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин камакта калтырган.

Жанылыктар