Блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыгарылды

Баткен райондук соту 18-августта блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу облустук соттон кабарлашты жана келерки процесс 8-сентябрга белгиленди.
Жолболдуева журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып 28-мартта камалган. Баткен милициясы ага Кылмыш-жаза кодексинин «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Бейбаштык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Соттук териштирүү өткөн айда башталган.
Галымбетованын жакындары ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгонун билдирген. Баткен милициясы маркум каза болордон мурда Жолболдуева аны каралап жатканын айтып арыз жазганын маалымдаган.