“Бишкекжарык” ишканасында мамлекетке 27 млн сом зыян келтирилген факты аныкталды

“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасында мамлекетке 27 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген факты аныкталды. Бул тууралуу башкы прокуротуранын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан бюджеттик мыйзамдардын талаптары бузулуп, ишканадагы товардык-материалдык баалуулуктар системалык түрдө жүргүзүлбөгөндүгү аныкталып, жетишсиздик 27 млн 189 миң 678 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, шаардык прокуратура тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.