Бишкектин эки районундагы кайра шайлоого 4 талапкер катталды

 Бишкектин эки районундагы кайра шайлоого 4 талапкер катталды

Кечээ, 17-январда Борбордук шайлоо комиссиясы 27-февралга белгиленген борбор калаанын №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого ат салышып жаткан 4 талапкерди каттады. Алар:

  1. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна — №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер;
  2. Бакиров Бакыт Жээнтайович — №29 Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкер;
  3. Токтакунов Нурбек Акбарович — №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер;
  4. Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич — №29 Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкер.

Белгилүү болгондой, жогорудагы эки округда 2020-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар эң көп болгондуктан, кайра шайлоо 27-февралга дайындалган.

Жанылыктар