Бишкектин эки районунда кайра шайлоо өтөт. Ага 18,5 млн сом сарпталат

 Бишкектин эки районунда кайра шайлоо өтөт. Ага 18,5 млн сом сарпталат

Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында кайра шайлоого 18,5 млн сом сарпталат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 27-февралында жогоруда аталган эки округда кайра шайлоо өтөт. Буга себеп, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоода Биринчи май жана Свердлов округдарында баарына каршы графасы алдыга чыккан.

Буга чейин Боршайком Жогорку Кеңештин депутаттарын бирдиктүү округу боюнча шайлоону өттү деп тааныган. Бир мандаттуу округдар боюнча парламенттин 33 жаңы депутатын каттаган.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү округдан 54, бир мандаттуу округдан 36 талапкер депутаттыкка шайланып келиши керек.

Жанылыктар