Бишкектин четинде «Алтын Казык» жаңы жогорку чыңалуудагы көмөк чордону ишке кирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда, Бишкек шаарынын четиндеги 110/10 кВ «Алтын Казык» жогорку чыңалуудагы көмөк чордондун салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.
Иш-чара катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы энергетиктерди кесиптик майрамы – Энергетиктер күнү менен куттуктады.
“Энергетика – мамлекеттин бүткүл экономикасы үчүн стратегиялык жактан зор мааниге ээ болгон тармак. Ар бириңиздер ушул тутумдун ишенимдүү жана туруктуу иштешине чоң салым кошуп жатасыздар”,- деди президент. Садыр Жапаров Соңку мезгилде бул чөйрөдө түзүлгөн кыйын кырдаал талыкпаган эмгекти, кесипкөйлүктү жана өз парзына чындап берилгендикти талап кыларын кошумчалады.
“Алдыңарда элибизди жарык жана жылуулук менен камсыздоо сыяктуу маанилүү милдеттер турат. Ак дилден эмгектенип, көп жылдар бою топтолгон тажрыйбаңыздар аркылуу элибиздин ишеничин актайсыздар деген ойдомун”, – деп кайрылды Садыр Жапаров энергетиктерге.
Ал бүгүнкү күндө мамлекет аталган аймактарда отурукташкан жарандардын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн алгылыктуу иштерди аткарып жаткангын айтты. Тагыраак айтканда, борборго жанаша жайгашкан жаңы конуштардагы турак жай документтерин мыйзамдаштырып берүү жана алардын инфратүзүмүн ыңгайлаштыруу маселелери жандуу чечилип баштады.
Мамлекет башчысы ушул сыяктуу эле иш-аракеттер жакындан бери Бишкектин 2-жылуулук электр борборунун айланасындагы Ак-Ордо жана Ала-Тоо-3 конуштарында башталганын эске салып, бул сыяктуу көйгөйлөр көптөн бери чечилбей келгенин кошумчалады.
Мамлекет башчысы энергетикалык коопсуздукка жетишүүнүн стратегиялык маанисин эске алып, алдыга коюлган милдеттер менен тапшырмалардын аткарылышын жеке өзү көзөмөлгө ала тургандыгын билдирди.
Белгилей кетсек, “Алтын Казык” жаңы көмөк чордону Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек, Нургожо-Ата, Мурас-Ордо жаңы конуштарында жашаган керектөөчүлөрдү жана бул аймакта жайгашкан өндүрүш жана соода объектилерин электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртат. Кубаттуулугу 10 мВт.