Бишкектен Түркияга 7 тонна гумжардам жөнөтүлдү

Бишкектен Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 7 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү.
Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, Pegasus Airlines авиакомпаниясы менен 2 тонна, «Түркавиалиниялары» авиакомпаниясы менен 5 тонна 850 кг жүк жөнөтүлдү.
Элчиликтин маалыматына ылайык, актуалдуу болуп жаткан муктаждыктардын тизмесине кышкы чатыр, жууркан, газ жылыткыч, генератор жана уктоочу баштыктар кирет.
Эске салсак, Бишкектеги гуманитардык жардам чогулткан пункт Жибек-Жолу, 264 дарегиндеги борбордук мечитте жайгашкан.