Биринчи жолу Бишкектен Сауд Аравиясына чартердик каттам учту

 Биринчи жолу Бишкектен Сауд Аравиясына чартердик каттам учту

«Манас» эл аралык аэропортунда 2022-жылдын 6-февралына караган түнү «Эйр Манас» ата мекендик авиакомпаниясы тарабынан Бишкектен Джидда шаарына биринчи чартердик каттам учуп кетти.

«Эйр Манас» авиакомпаниясы Кыргызстандын Сауд Аравия Королдугундагы биринчи оператору болуп дайындалып, «Бишкек-Джидда-Бишкек» багыты боюнча жумасына бир жолу (жекшемби) каттамдарды аткармакчы. Ал эми февраль айынын аягынан баштап жумасына төрт каттамга чейин көбөйөт.

Түз авиакаттамды ачуу аземине «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын өкүлдөрү, КРнын Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Алмаз Турганбаев, Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов жана Сауд Аравиянын Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жумабаев жана «Эйр Манас» авиакомпаниясынын башкы директору Талгат Нурбаев катышты.

«Бишкек-Джидда түз авиакаттамынын ачылышы эки өлкөнүн мамилесин чыңдоого, туристтердин санын көбөйтүүгө, ошондой эле зыяратчыларыбыздын акчасын жана убактысын үнөмдөөгө шарт түзөт. Ошондой эле, Сауд Аравиянын башка шаарларынан да каттамдарды ачуу пландалууда”, – деп билдирди Улукбек Марипов.

Жанылыктар