Бишкектеги дагы бир мектеп онлайн окутууга өттү    

   Бишкектеги дагы бир мектеп онлайн окутууга өттү    

Бишкектеги №62 мектеп онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык билим  берүү башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  билим берүү  мекемесинде  COVID-19 инфекциясынын эки учуру – мугалимде жана окуучуда аныкталган.

Ошондой эле,  буга чейин  №56 мектептин жогорку класстары жана №26 жана 37 мектептердин бир классы онлайн окутууга өткөндүгү маалыматта  айтылат.

Жанылыктар