Бишкектеги үч адамдын өлүмү. Шектүү УКМКнын күзөт кызматында иштеген

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 16-февралдагы үч адамды өлтүрүүгө шектелген адам мурда УКМКда кызмат өтөгөн деген маалыматка комментарий берди.
«Үч адамдын өлүмүнө шектүү катары кармалган 1986-жылы туулган А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн.
Белгилүү болгондой, Мамлекеттик күзөт кызматы 2010-жылдан кийин жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы А.Ч.К. пенсияга эмгек стажына байланыштуу УКМКнын 9-кызматынан бошотулган», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 16-февраль күнү түндө Бишкектеги батирлердин биринен апасы, кызы жана уулунун сөөгү табылган. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган А.Ч.К. аттуу жаран кармалган.