Бишкекте жети мектеп жана бир бала бакча онлайн режимине өттү    

 Бишкекте жети мектеп жана бир бала бакча онлайн режимине өттү    

Бишкектеги жети мектеп жана бир бала бакча онлайн окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун буйругунда айтылат.

Маалым болгондой, бир күн мурун №60 мектеп дистанциялык форматка өткөн.Бүгүн дагы беш мамлекеттик мектеп – №4, 67, 29, 38, 18 жана бир жеке менчик «Газпром» мектеби да салттуу режимде окутууну убактылуу токтотту.  Аларда эки жана андан көп коронавирус инфекциясы аныкталган.  №135 бала бакча да карантинге жабылды.

Бир катар мектептерде өзүнчө класстар онлайн окутууга өткөрүлдү.

Жанылыктар