Бишкекте жергиликтүү тургунду опузалап, 4000 АКШ долларын талап кылгандар кармалды

 Бишкекте жергиликтүү тургунду опузалап, 4000 АКШ долларын талап кылгандар кармалды

Бишкекте опузалап талап кылууга шектелген жарандар кармалды. Бул туурасында ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, 2023-жылдын февраль айында 39 жаштагы жаран ички иштер органдарына Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунан күч колдонуу менен коркутуп акча талап кылган адамдарга карата чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. Бул жаранга кол салгандар өздөрүн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүбүз деп атап, 4000 АКШ долларын талап кылышкан.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кармалган шектүүлөрдөн мурда белгиленген 25 000 сом акча каражаты табылган. Алар мурда оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Нарын облусунда 1991-жылы туулган А.уулу А. жана Жалал-Абад облусунда 1993-жылы туулган М.Т.  экендиги аныкталды.

Учурда аталган кылмыш иш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар