Бишкекте жатаканадан өрт чыкты

 Бишкекте жатаканадан өрт чыкты

Бишкек шаарынын Ленин районунун Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан жатаканадан өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди. 

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо катталган дарекке өрттү өчүрүүгө саат 13:55те Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 14:13тө Биринчи Май райондук №8 ӨКБдан 1 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа жана штаб тартылган.

Өрт саат 14:29да чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, имараттан куткаруучулар тарабынан 2 аял киши жана кичинекей 2 жашар кыз эвакуацияланган. Мындан сырткары 2 киши түтүнгө ууланып 2 киши бутунан жаракат алган. Аларга тез жардам кызматы тарабынан тийиштүү жардам көрсөтүлдү.

Учурда өрттүн келип чыгуу себебин тактоо жана жана келтирилген материалдык чыгымдар эсептелүүдө.

Жанылыктар