Бишкекте жаны Жылдык балаты  орнотула баштады

  Бишкекте жаны Жылдык балаты  орнотула баштады

Борбор калаадагы «Ала-Тоо» аянтында Жаңы жылдык балаты орнотула баштады. Бүгүн, 28-ноябрда аталган аймакка балатынын өзөгүн түзгөн жабдыктар түшүрүлгөн.

Эске салсак, ар жылы Жаңы жыл майрамын утурлай «Ала-Тоо» аянтына өлкө боюнча эң бийик жаңы жылдык балаты орнотулат. Былтыркы жылдагы балатынын бийиктиги 25 метрди түзгөн.

Учурда мэриянын кызматкерлери жасалма балатынын негизги бөлүгүн орнотууда. Мындан сырткары, жыл сайын Жогорку Кеңештин алдына 15 метрлик, Улуттук филармониянын маңдайына 11 метрлик балатылар орнотулуп келет. Борбордук көчөлөр да кооздолот.

Жанылыктар