Бишкекте жаңы автобустар каттамга чыкты

Бүгүн, 17-февралда Бишкекте жаңы автобустар каттамга чыкты. Тагыраагы, № 38, 42, 48 багыты боюнча жаңы автобустар жүргүнчүлөрдү тейлей баштады.
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы Кытайдан сатып алынган газ менен жүрүүчү 120 жаңы автобусту каттамдарга бөлүштүргөн.
Буга чейин Бишкек мэриясынын Транспорт департаменти автобустар каттамга эмки жумадан тарта чыгары пландалып, учурда документтештирүү жана номерлерди алуу процедуралары жүрүп жаткандыгын билдирген.