Бишкекте турак үй өрттөнүп, 60 жаштагы жаран түтүнгө ууланган

Бүгүн, 28-декабрга караган түнү саат 03:32 чамасында Биринчи Май районунун, Кулиев көчөсүндө жайгашкан 2-кабаттуу турак үйдүн аянты 40 ч.м. бөлмөсү күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жерине өрт өчүрүүгө жалпы эки өрит өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 04:58 толук өчүрүлдү.
Кырсыктын кесепетинен К.К 60 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып, тез жардам кызматынын кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүшкөн.
Учурда абалы жакшы жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.