Бишкекте «Тазалыктын» дагы бир кызматкери жол кырсыгынан каза болду

Бишкекте бүгүн, 4-январь күнү саат 08:15 чамасында Шабдан Баатыр көчөсү менен бара жаткан Toyota Proboks үлгүсүндөгү унаанын аял айдоочусу «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирген.
Кырсыктын кесепетинен муниципалдык кызматтын кызматкери 1987-жылы туулган К.С. атуу жаран кырсык болгон жерден каза болгон.
Эске салсак, 2021-жылдын декабрь айында ушундай эле эки окуя болгон: анда кырсыктын кесепетинен «Тазалык» ишканасынын эки кызматкери окуя болгон жерде каза болгон.
Учурда унаа убактылуу кармоочу жайга токтотулду. Айдоочу Тергөө кызматына жеткирилген.