Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталат

Сентябрдын аягында Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров заводдун курулушу 1,5-2 жылдын ичинде аяктай турганын билдирди.
«Буга чейин мэрия бул маселени чечүү каалоосун билдирген бир нече эл аралык компания менен меморандумдарга кол койгон. Азыр келип түшкөн сунуштарды изилдеп, техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгуу менен алектенүүдө», – деп айтылат маалыматта.
Быйыл апрелде Бишкектин мэри таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу үчүн инвестор издөө иштери жүрүп жатканын айткан.
2015-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы таштандыны рекультивациялоо жана жаңы полигон куруу демилгесин колдоп, объект 2021-жылдын июнь айында курулуп бүтөрү кабарланган. Жаңы полигондун аймагында таштанды ылгоочу завод куруу да каралган.
Бирок 2021-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы бөлгөн 22 миллион доллардын 10,5 миллиону гана өздөштүрүлүп, бирок эч кандай иш аткарылбаганы аныкталган.