Бишкекте талапкерлердин биринин ыйгарым укуктуу өкүлү ачкачылык жарыялады

Бишкекте Ноокен шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акылбек Арстанбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Анвар Сартаев ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги билдирди.
«Шайлоочуларды сатып алуу ЖК депутаттыгына талапкер Бактыбек Сыдыков тарабынан аябай көп болду. 23-ноябрда жергиликтүү тургундар менен БШКга жана укук коргоо органдарына кайрылдык. Бирок, кылмыштын курамы жок деп 26-ноябрда тергөө токтотулду. Мен Акыйкатчы институтунан, БШКнын жетекчилигинен жана Ички иштер министрлигинен Ноокен районуна кырдаалды ачык жана ар тараптуу иликтөө үчүн өз өкүлдөрүн жөнөтүүнү суранам», — деди Сартаев.
Сартаевдин айтымында, бийликке кайрылуу аракети түгөнгөндөн кийин, ал экстремалдык кадамга барып, ачкачылык жарыялоону чечкен. Ал митинг өткөрүү үчүн Акыйкатчы институтунун имаратынын маңдайындагы отургучту тандады.