Бишкекте түрмөдөн өрт чыкты

 Бишкекте түрмөдөн өрт чыкты

Бүгүн 10-майда түнү саат 00:08 чамасында Бишкектин Ленин районуна караштуу, Маликов көчөсүндө жайгашкан №47 жазаларды аткаруу кызматынын мекемесининен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Жерине ӨКМнин эки өрт өчүрүүчү бөлүм, суу ташуучу унаа жана ыкчам топ тартылган.

Натыйжада эки кабаттуу имараттын 200 ч.м. темир устундуу шифер менен жабылган эки жана 3 бөлмөсү күйгөн. Өрттөн жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Жанылыктар