Бишкекте президенттин алдындагы IT академиясын ачуу пландалууда

 Бишкекте президенттин алдындагы IT академиясын ачуу пландалууда

Бишкектеги №99 кесиптик лицейдин базасында президенттин алдындагы IT академиясын ачуу пландалууда. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Бишкекте өткөн Борбор Азия IT форумунда билдирди.

Министр дүйнө учурда өтө тездик менен өнүгүп жатканын айтып, санарип технологиялардын жана жасалма интеллекттин доору келгенин белгиледи.

Кыргызстандын океанга чыгуу мүмкүнчүлүгү жок, бирок санариптик технологиялар бизге жаңы жана чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Кыргыздар алгачкы көчмөндөр сыяктуу эле тез ыңгайлашып, санариптик көчмөндөргө айландык. Биз бала бакчадан баштап бул тармакта билим алууга мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек. Мектептерде актуалдуу тилдерде моделдөө жана программалоо сабактары болушу керек”, — деди министр.

Ошондой эле министр президенттин алдындагы IT академиясын бүтүрүүчүлөрү электрондук бизнести илгерилетүү үчүн программалык продуктуларды жана веб-тиркемелерди иштеп чыгууга жөндөмдүү болушу керектигин билдирди.

Аймактык шаарларда IT адистерин даярдоочу борборлорду ачуу зарыл, алар жыл сайын 2000ден ашуун адистерди даярдоого тийиш. Биздин максат — дүйнө жүзү боюнча иштеген 10 миңден кем эмес IT адисине жетишүү! Ар бир IT адиси өлкөгө 30-40 миң доллар алып келет жана бул ИДПнын өсүшүнө жылына 400 миллион доллар берет”, — деп белгиледи Каныбек Иманалиев.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар