Бишкекте мыйзамыз иштеген майнинг-ферма аныкталды. Анда 150дөн ашык техника иштеп турган

УКМК Бишкек шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-ферма аныкталганын билдирди.
Ушул жылдын 3-мартында борбор калаанын Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан «Тихий-Замок» мейманканасынын жер төлөсүндө «Түндүк электр» электр тармактарына мыйзамсыз кошулган 150дөн ашык техникасы бар «криптовалюта» өндүрүү үчүн жабдылган майнинг-ферма табылды.
Аталган кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Х.Р.Р. аттуу жаран аныкталган. Учурда тиешелүү иликтөө, мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча иштери жүрүп жатат.
Өкөдө электр энергиясынын жетишсиздигин эске алуу менен «Улуттук электр холдинг» компаниясы тарабынан «майнинг» өндүрүү максатында техникалык шарттарды берүүгө убактылуу тыюу салынган.