Бишкекте мыйзамсыз объекттерге мунапыс жарыяланышы ыктымал

 Бишкекте мыйзамсыз объекттерге мунапыс жарыяланышы ыктымал

Бишкектин аймагындагы мыйзамсыз объекттерге мунапыс жарыяланышы мүмкүн. Бул туурасында “Бишкекбашкыархитектура” мекемесинин башчысы Урмат Карыбаев Жогорку Кеңештин тармактын комитетинде билдирди.

Карыбаев мунапыстын долбоору даярдалып, министрлер кабинетине кароого жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Анын айтымында, мындай тенденция көп өлкөлөрдө бар.

“Биз Москва шаарындагы долбоордун аналогун алдык. Ал жерде дагы ушундай жагдайлар бар, тагыраак айтканда, уруксат документтери жок эле курулуш иштерин башташат. Ал жерде деле курулуш компанияларына объекттин документтерин бүтүрүү үчүн мөөнөт берилет. Дагы бир вариант бар – ал сотко кайрылып, соттун чечиминен кийин бул объектилерди ишке кабыл алуу”, – деди Урмат Карыбаев.

Өз кезегинде, Мамкурулуш агенттигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу мунапыс курулуш стандарттарына жооп берген объектилерге гана колдонула турганын айтты.

“Бул бир жолку мунапыс акциясы болот. Андан соң мыйзамсыз объектилерди куруп жаткан курулуш компанияларына карата конфискациядан тарта лицензиясынан ажыратууга чейин чаралар көрүлөт”, – деди ал.

Комитет жыйынында Бишкекте мыйзамсыз курулган 34 объект бар экени айтылды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар