Бишкекте Мекен коргоочулардын күнү белгиленди

Бүгүн, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Мекен коргоочулар күнүнө карата “Карегимде мекен чеги” аттуу салтанаттуу иш-чара өттү.
Аталган аземге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара жаңжалында курман болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, чек ара кызматынын өздүк курамы, күч түзүмдөрүнүн өздүк курамы жана башка коноктор катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев жалпы мекен коргоочуларын майрамы менен куттуктап, өлкө тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн ак дилден кызмат өтөөнү уланта берүүсүн каалады. Ошондой эле Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин эрдигине таазим кылып, алардын жакындарына ыраазычылыгын билдирди. Төрага баатырлардын эрдиги эч качан унутта калбасын кошумчалады.
Белгилей кетсек аталган иш-чара 2022-жылы Баткендеги чек ара жаңжалынан каза тапкан жоокерлерди эскерүү максатында уюштурулган.