Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу өттү

Бишкек шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу өттү.
“Кезектеги жолугушуу ушул жылдын 3-9-февралында өткөрүлүп, жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлду”,-деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Тажикстанда болоору пландалууда.