Бишкекте кудуктан жансыз адамдын денеси табылды

Кечээ, 16-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май районуна караштуу Нарвской көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанындагы кудуктун ичинен белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, куткаруучулар жансыз денени кудуктан алып чыккан соң милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда каза болгон жарандын өздүгүн жана өлүмдүн себебин тактоо үчүн териштирүү иштери жүрүп жатат.