Бишкекте ККМди милдеттүү орнотууга каршы митинг өтүүдө

 Бишкекте ККМди милдеттүү орнотууга каршы  митинг өтүүдө

Бишкекте ККМди милдеттүү орнотууга каршы кезектеги митинг өтүүдө. Өкмөт үйүнүн алдына 50гө жакын ишкер нааразылык акциясына чыкты. Алар бийликтен кассалык аппараттарды милдеттүү орнотууну жокко чыгарууну талап кылышууда.

Митингчилер өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келишкен. Эски аянтка башка ишкерлер да багыт алып жатканын айтышууда.

Эске салсак, ККМге каршы митингдер акыркы жарым жылдан бери уланууда.

Ишемби күнү, 11-июнда министрлер кабинетинин төрагасы борбор калаадагы “Дордой” азык-түлүк базарында иштеген ишкерлер менен жолугушту. Бул процесс көмүскө экономиканын жана контрабанданын көлөмүн кыскартууга, ошондой эле мамлекет тарабынан кабыл алынган социалдык милдеттенмелерди аткарууга багытталгандыгын түшүндүрүп, аларга ККМ киргизүү зарылдыгын түшүндүрдү.   Бийликтегилердин   жүйөлөрүнө  соодагерлер макул болбой, бүгүн кайрадан митингге чыгышты.

Жанылыктар